Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрүү пунктунда кондитердик продукциянын ири партиясын аныкташты, анын бир бөлүгүнүн жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен.
Рейддик көзөмөл учурунда салыкчылар консолидацияланган жүк ташып бараткан Scania үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунааны текшерүүгө алышкан. Унаада Skittles, M&M’s, Snickers, Mars жана Twix маркасындагы продукция салынган 263 куту болгон.
Партиянын болжолдуу жалпы баасы 2 миллион 500 миң сомдон ашат. Товарлардын канча өлчөмүнүн мөөнөтү өтүп кеткенин салык кызматы тактаган жок.
Факты боюнча актылар түзүлдү. Материалдар укутук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.