Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборго барды.
Аталган башкармалыктан билдиришкендей, анда жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу, онлайн-кызматтарды кеңейтүү, санариптештирүүнү тездетүү жана квалификациялык экзамендерди өткөрүү системасын жакшыртуу маселелери каралды.
Квалификациялык экзамендерди өз убагында өткөрүү жана кезек күтүүлөрдү азайтуу максатында 250дөн ашык унаа берүү пландалууда. Ошондой эле чет өлкөлөрдө иштөөгө даярдалып жаткан кесипкөй айдоочулар үчүн Code 95 талаптарына ылайык заманбап автодром курулууда. Учурда бул багытта 200дөн ашык арыз келип түшкөн.
Каныбек Туманбаев экзамендерди өткөрүүдө ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу жана бардык жарандар үчүн бирдей шарттарды түзүү боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырды.
Мындан тышкары, мамлекеттик борбордун инфраструктурасын жаңылоо иштери жүрүп жатат. Бишкек шаарында борбордук аппараттын жаңы имараты курулууда. Ал эми жакынкы күндөрү Ош шаарында заманбап инфраструктурасы жана жаңы автодрому бар аймактык бөлүм пайдаланууга берилет.