Ушул жылдын 18-сентябынрда Чаткал районунун Курулуш айылында 9-классынын 2011-жылы туулган Д.Р. окуу учурунда мектептин ажатканасында өзүн жаман сезип, эс-учун жоготкон. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан маалымат таратышты.
Окуучуга тез жардам кызматы тарабынан медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканага жеткирилген. Бирок ооруканага жеткен учурда анын каза болгондугу аныкталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө 9-класстын окуучуларын мектептин 11-классынын окуучулары тарабынан ажатканага алып барып, күч колдонуу менен ургандыгы аныкталган. Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнин 130-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.
Кылмыш ишинин алкагында И.М., Н.С., Н.К. жана Т.А. аттуу жарандар шектүү катары кармалып, Ала-Бука райондук сотунун чечими менен аларга карата 2 айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган. Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.