«Бишкекгаз» кызматы билдиргендей, төмөнкү басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 23-25-сентябрь күндөрү төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт:
Суворов көчөсү, Осмонкул көчөсү, Древесная көчөсү, Аламүдүн дарыясы, ЧЧК, Абдыкадыров көчөсү.
«Бишкекгаз» кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.