Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Себеби

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы бекеттер 18-июндан 20-июнга чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, чек ара Кытайдын демилгеси менен, Дуаньу майрамына карата жабылууда.

«Эркечтам» чек ара бекети 18-июнда саат 22:00де жабылып, 20-июнь күнү саат 8:00де ачылат.

«Торугарт» чек ара бекети жөө кишилерди жана транспорт каражаттарын өткөрүүнү 19-июнда токтотот, 20-июнда саат 8:00де кайра жандантат.

Кыргыз-кытай чек арасы Кытайдагы майрамдарга байланыштуу жылына бир нече жолу убактылуу жабылат.(

18 Июнь 2026 жыл 16:10
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча