Ысык-Ата районунда жол инфраструктурасын жакшыртуу иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2026-жылга карата район аймагындагы жалпы 34,5 чакырым автомобиль жолуна асфальт төшөө пландалган. Учурда бир катар жол тилкелеринде курулуш жана оңдоо иштери аткарылып жатат.
Анын алкагында Жээк – Гагарин автомобиль жолунун 5 чакырым бөлүгүнө асфальт төшөө толугу менен аяктады. Ошондой эле Новопокровка – Туз жана Красная Речка – Ысык-Ата автомобиль жолдорундагы асфальттоо иштери бүткөрүлдү.
Мындан тышкары, Кант – Горная Серафимовка автомобиль жолунун 9 чакырымдан ашык бөлүгүнө асфальт төшөөгө даярдык көрүлүп жатат. Ал эми Туз – Интернационал – Жар-Башы жолунун 3 чакырым тилкесинде жер жумуштары жүргүзүлүүдө.
Министрликтин маалыматына караганда, райондогу башка жол тилкелеринде да курулуш иштери активдүү уланууда. Ведомство жол инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча иштер өз көзөмөлүндө экенин белгиледи.


