Таштандыдан чыккан өрткө байланыштуу Кант шаардык мэриясына айып салынды

Таштандыдан чыккан өрткө байланыштуу Кант шаардык мэриясына айып салынды. Бул туурасында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, 18-июнда бир катар маалымат каражаттарында Кант шаарындагы таштанды талаасында өрт чыгып, кооптуу жагдай жаралгандыгы боюнча маалымат тараган.

Аталган факты боюнча Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлгөн.

Анын жыйынтыгында Кант шаардык мэриясына карата Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлүп, 23 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

19 Июнь 2026 жыл 15:39
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча