Бишкектин бир катар жерлеринде суу өчөт

Алдыдагы шейшембиде, 23-июнда Бишкектин бир катар көчөлөрүндө жана турак жай конуштарында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясынанбилдиришкендей, саат 09:00дөн 18:00гө чейин төмөнкү аймактарда суу берүү убактылуу токтотулат:

  • Достоевский көчөсү – Анкара көчөсү – Ауэзов көчөсү – темир жол линиясы чектелген аймакта;
  • Алтын Ордо, Кара-Жыгач жана Полиция шаарчасы конуштарында.

Муниципалитеттен такташкандай, суу «Контррезервуар» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында пландуу оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

19 Июнь 2026 жыл 17:16
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча