Ала-Тоо аянтында жайкы музыкалык кечелердин сезону ачылат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн ачык асман алдында атайын концерттик программа уюштурулат. Бүгүн, 19-июнда көрүүчүлөргө «Кыргыз руху» эстрадалык-фольклордук ансамбли өз өнөрүн тартууламакчы.
Ал эми эртең, 20-июнда чыгармачылык эстафетаны «Доор» фольклордук ансамбли жана «Сувенир» орус ыр-бий ансамбли улантат. Концерттин программасында ар улуттун маданий көп түрдүүлүгүн жана каада-салттарынын байлыгын чагылдырган элдик ырлар, вокалдык чыгармалар жана бий номерлери орун алат.
Белгилей кетсек, Ала-Тоо аянтындагы музыкалык кечелер ар жума жана ишемби күндөрү саат 19:00дө башталып турат.