
АКШ президенти Дональд Трамп, вице-президент Ж.Д.Вэнс жана Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Ак үйдө урушунан кийин Украинаны колдогон нааразылык акциялары бүткүл Кошмо Штаттарда өттү, деп билдирет BBC.
Нью-Йоркто, Лос-Анжелесте жана Бостондо жүздөгөн адамдар чогулуп, Овал кеңсесиндеги катуу жаңжалдан кийин Украинага колдоо көрсөтүштү.
Владимир Зеленский 28-февралда Вашингтондо АКШ президенти Дональд Трамп менен кайым айтышып кеткен. Ак үйдөгү сүйлөшүүлөр журналисттердин катышуусунда, түз эфирде чагылдырылган.
Зеленский Вашингтонго америкалык инвестиция үчүн Украинадагы минералдык ресурстарга жол ачкан макулдашууга кол коюу үчүн барган.