Аксыда жайыттан уйду уурдаган шектүү кармалды

Аксы районунда жайыттан уйду уурдаган шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

 2024-жылдын апрель айынын ортосунда Аксы районунун Торук айылынын тургуну  Кызыл-Алма айылындагы жайлоодо калган малы менен кошо жүргөн бир жарым жаштагы кунаажынын уурдап кетишкен белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен  милицияга арыз менен кайрылган. 

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренеси (мал уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Кийин ,ИИМдин КИББнын жана Аксы районунун ИИБнын кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жогорудагы малдын уурдалышына тиешеси бар адам аныкталып, ал Аксы районунун 1972-жылы туулган тургуну А.З. экени аныкталып, Бишкек шаарынан кармалган. 

Аксы райондук ИИБнын Тергөө кызматы тарабынан 1972-жылы туулган А.З.   Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексинин 96-беренесинин негизинде кылмыш жасады деген шек менен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

Аксы районунун аймагында жасалган дагы төрт мал уурдоо фактысына анын тиешеси бар экени аныкталды. 

Иш боюнча тергөө иштери уланууда. 

20 Июнь 2024 жыл 16:30
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча