Аксыдагы унаа кырсыгы 4 адамдын өмүрүн алды

Бишкек — Ош жолунун 432-чакырымындагы Аксы районунун Сай айылында жол кырсыгы катталып, төрт киши каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун жол милициясы кабарлады.

Каргаша кечээ, 24-майда, 06:30дар чамасында болгон.

Анда Toyota Alphard унаасынын айдоочусу каршы тилкеде келе жаткан Daewoo Matiz машинасы менен сүзүшкөнү айтылат.

Каргашадан 4 адам мүрт кетсе, 3 адам ар кандай жаракат алган.

25 Май 2024 жыл 11:19
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча