Акыйкатчы институту селден жабыркагандар үчүн бир күндүк айлыгын которду

Акыйкатчы институттун жалпы жамааты селден жабыркагандар үчүн жардам ирээтинде бир күндүк эмгек акысын которушат. Бул тууралуу укук коргоо мекемесинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош облусу боюнча өкүлчүлүгү селден жабыркап, үй-мүлксүз калган жарандарга укуктук кеп-кеңештер берилип, мамлекеттен кандай жардам алуу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Кызматкерлер акысыз психологиялык кеп-кеңештерди берүүгө дагы даяр.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева катуу келген селдин кесепетинен каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.

18 Июль 2024 жыл 12:23
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча