Мынакей акыйкаттык. Карындашына болушуп киши өлтүргөн жаран бошотулду

Токмокко жакын жерде карындашына кол салган кишини өлтүргөн деп кармалган адам камактан бошотулду. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тарады.

Анын айтымында, сот карындашына кол салган адамды атып салган жаранга карата кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси менен бир жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл дайындап, сот залынан бошоткон. Чечим бүгүн, 17-октябрда чыккан.

Эске салсак, 2022-жылы Бишкек–Торугарт автожолунун 69-чакырымында 47 жаштагы эркек киши ок жеп каза болгон.

Маалым болгондой, эртең менен Токмок шаарында 33 жаштагы келин аялдамага чыгып, жолдогу машиналардын бирине отурган. Айдоочу ыдык көрсөткөнүнөн ал агасына телефон чалып, башка машинага түшүп кеткен, бирок ал артынан барып, күч колдонуп, аялды сыртка чыгарууга аракет кылган. Ошол учурда келиндин агасы келип, травматикалык тапанчадан ок чыгарган.

18 Октябрь 2023 жыл 9:47
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча