Акылбек Жапаров Абдраев атындагы музыкалык мектептин реконструкциялоо долбоору менен таанышты 

Акылбек Жапаров Ага-Хан өнүктүрүү тармагынын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте мектептин аймагындагы имараттардын абалы менен таанышты.

Белгилей кетсек, Ага Хан өнүктүрүү тармагы менен кызматташуунун алкагында мектеп-интернаттын билим берүү чөйрөсүн жакшыртуу боюнча демилгелер иштелип чыгууда.

Тактап айтканда, мектеп-интернаттагы окуучулардын жашоо шартын жакшыртууну эске алуу менен мектепти реконструкциялоо жана кеңейтүү, ар кандай маданий шаардык иш-чараларды өткөрүү үчүн чоң концерттик залды куруу.

Мындан тышкары, мектеп-интернаттын окуучулары үчүн спорт аянтчасы курулуп, үн өткөрбөөчү класстарды, репетиция жана окуу кабинеттерин, китепкананы түзүү менен окуу базасы кеңейтилет.

Жыйынтыгында Акылбек Жапаров Ага Хан өнүктүрүү тармагынын көмөгүнүн аркасында, эл аралык класстагы архитекторлорду тартуу менен жаңы концерттик залды долбоорлоону баштоону тапшырды.

30 Апрель 2024 жыл 11:52
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча