Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы, Президенттик администрациянын жетекчиси кызматынан бошотулду.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. 16-декабрда ал президенттик аппараттын кызматкерлери менен коштошту.
Ал өкмөттү 2021-жылдын 13-октябрынан бери башкарып келген. Өкмөттү узак убакытка чейин жетектеген премьер-министрлердин катарын толуктады.
Минкаб башчынын убактылуу милдетин Адылбек Касымалиев аткарып турмакчы.