Акылбек Жапаров Жалал-Абаддагы таштандыны кайра иштетүү заводун ачты

Жалал-Абадда таштандыны кайра иштеткен завод ачылып, ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабрлашты.

Маалыматка ылайык, аталган заводдун курулушуна бюджеттен 133 миллион сом бөлүнгөн.

«Жалал-Абад шаарынан чыккан таштандылар иргелип, кайра иштетилип, күнүмдүк турмуш-тиричиликке керектүү буюмдар жана курулуш материалдары өндүрүлөт. «Жалал-Абад Тазалык» муниципалдык таштандыларды төгүү аймагынын аянты 9 гектар. Мында курулган завод жылына 20 миң тонна таштандыны кайра иштетет», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Жапаров Жалал-Абад шаарындагы реконструкцияланып жаткан жолдорго барып, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берген.

27 Октябрь 2024 жыл 10:21
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча