«Акылбек Жапаровго көлөкө түшүрүү аракетиңиз негизсиз жана орунсуз». Байсалов Жапаровго болушту

Кечээ, 5-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева парламентте салык кызматындагы акциздик маркаларга байланыштуу коррупциялык схемалар коомчулуктун бул кызматка болгон ишенимине шек келтиргенин айткан.

Ушул ишке байланыштуу Министрлер Кабинетинин башчысы отставкага кетип, салык кызматынын жетекчиси жоопкерчиликке тартылуусу керектигин да кошумчалаган.

Ушундан кийин вице-премьер министр Эдил Байсалов X социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу депутат Эльвира Сурабалдиевага жооп кайтарды.

Коррупция жана элдин ишеними боюнча депутаттын айтканы суу кечпей тургандыгын, эффективдүү башкаруунун арты менен гана салыктар 2019-жылы 121,5 млрд сом болсо, 2024-жылы 343 млрд сомго жеткенин жазды Байсалов. Эл мамлекеттин өнүгүп жатканын көрүп турат деди ал.

«Бүгүн салыкты бардыгы тең төгүп жатышат. Эсиңизге сала кетейин, сиз эч уялбай эле жеке өзүңүздүн «Кудайберген» базарына байланыштуу маселени бир нече жолу көтөрүп чыккансыз. Акыры 70 млн сом төлөнгөнүн ЖМК жазып чыкты. Албетте, мурда жакшы болгондугу жашыруун эмес. Бардыгы менен тил табышуу болуп келген. Бирок бул убакыт өттү, Эльвира Кудайбергеновна. Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго көлөкө түшүрүү аракетиңиз негизсиз жана орунсуз. Фактылар мамлекет өнүгүү жолунда экенин көрсөтүп турат. Бийлик мамлекеттик аппаратты тазалоо үчүн аеосуз күрөш жүргүзүүдө», — деп жазган Байсалов.

Буга чейин Салык кызматынын бир нече жетекчилери акциздик маркалардагы коррупциялык схема боюнча кармалганын, натыйжада мамлекетке 3,2 млрд сом зыян келтирилгенин, мындай кармоолор улантылып жатканын эске сала кетебиз.

6 Декабрь 2024 жыл 9:25
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча