Министрлер кабинетинен билдиришкендей, Акылбек Жапаровго бул орден Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы достук байланыштарды чыңдоодогу, стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди өнүктүрүүдөгү сиңирген эмгеги үчүн ыйгарылды.
«Достук» орденин Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук тапшырды.