“Акылман” президенттик лицейине кабыл алуунун жоболору айтылды

 Билим берүү жана илим министрлиги “Акылман” президенттик лицейине кабыл алуунун жаңы талаптары тууралуу айтып берди.

Билим жайына кабыл алуу конкурстук негизде жүргүзүлүп, мектепте 6-8-класста “жакшы” жана “эң жакшы” баага окуган окуучулар катыша алат.

Тандоонун жыйынтыгында лицейге 6-класстар арасында эң жогорку балл алган 72 окуучу, 8-класстардын ичинен 48 окуучу кабыл алынат.

Сынактын алкагындагы тестирлөөлөр 11-майда башталып жалпы үч тур менен өткөрүлөт. Маалымат алуу үчүн Telegram тиркемесиндеги “Акылман” кабыл алуу-2024” тобуна кошулуу керек же Билим берүү министрлигинин сайтына баш багуу зарыл.

4 Май 2024 жыл 10:02
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча