Жалал-Абаддагы милиция кызматкерлери акыркы коңгуроо салтанатында коопсуздук чараларын күчөтөт. Бул тууралуу аталган мекеменин басма-сөз кызматы кабарлады.
Жалал-Абад облусундагы мектеп бүтүрүүчүлөрү, 25-май акыркы коӊгуроо салтанатын билим берүү мекемелеринен сырткары жакта уюштурууга катуу тыюу салынарын эскертилет.
Кандайдыр-бир тартип бузуулар орун ала турган болсо, мыйзам чегинде катаал чаралар көрүлөт.
Майрамдык оюн-зоокторду жаратылыш койнунда уюштурууга, автоунаалардын коштоосунда жүрүүгө, түнкү клубдарда эс алууга тыюу салынат.
«Акыркы коңгуроо Сиздин акыркы күнүӊүз болбошу керек. Ойлон, жашоо бир келет!
25-майда шаардык милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүп, коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлгө алышат»,-деп айтылат маалыматта.
Эскертүү: шаардык эс алуучу жайлардын бардыгы милициянын көзөмөлүндө болот.