«Алтын Альянс» Таластагы китепкананын эскирген терезелерин жаңылап берди

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду Талас облусундагы 1992-жылдан бери эч кандай оңдоп түзөө иштери жүргүзүлбөй турган Аман Токтогулов атындагы китепканасынын эскилиги жеткен эки кабаттуу имаратынын терезелерин жаңылап берди.

Мындай жагдайды китепкананын жамааты кубаныч менен кабыл алышып, «Альянс Алтынга» терең ыраазычылыгын билдиришти. Эми китепкананын окурмандары суук кирбеген, ыңгайлуу шартта китеп окууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. «Алтын Альянс» ар дайым өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуп, мектеп, бала бакча, китепкана сыяктуу социалдык объектилерге колдоо көрсөтүүнү колго алып келет.

21 Февраль 2024 жыл 10:19
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча