Бишкек шаарында 22 жаштагы жаран батирден алтын уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Ленин районунун милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 3-мартта райондук милицияга жаран кайрылып, ошол эле күнү саат 07:45 чамасында анын Жал кичирайонунда жайгашкан батирине белгисиз бирөө кирип, 60 миң 250 сом суммадагы алтын буюмдарын уурдап кеткенин билдирген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында 2003-жылы туулган К.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган.
Учурда аталган жарандын дагы башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бардыгы аныкталууда.