17-июнда Талас шаарына салына турган ипотекалык үйлөрдүн курулушуна мезгил кутусу салынды. Турак жай комплексинин курулуш иштерин “Кыргызстройсервис” мамлекеттик ишканасы жүргүзөт. Бул тууралуу Талас шаардык мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, “Тынчтык Ордо” турак жай комплексине автоунаа токтотуучу жайы менен 5 кабаттуу 10 турак үй курулат. Бул үчүн Талас облустук өнүктүрүү фондунан 250 млн, Талас райондук өнүктүрүү фондунан 148 млн, ал эми Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 50 млн, жалпы 448 млн сом акча каражаты бөлүндү.
Ошондой эле турак жай комплексиндеги үйлөрдүн толук курулуп бүтүшү үчүн өнүктүрүү фонддорунан дагы акча каражаттары бөлүнүп турат, жаңы үйлөрдүн курулушу менен көптөгөн жарандардын турак жайга болгон муктаждыгы чечилет.
Белгилеп кетсек, мезгил кутусу салынган үйлөр жарандарга мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу 25 жылга жеңилдетилген шартта 4-8 % үстөк менен келишимдин негизинде берилет. Бул үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ошондой эле жарандар мамлекеттик ипотекалык компаниянын сайтына кирип, электрондук түрдө катталуусу зарыл.
“Тынтчык Ордо” комплекси жалпы 2,0016 га жер аянтын ээлеп, 5 кабаттан турган 10 турак үйлөрдө жалпы 310 батир жайгаштырылат. Батирлердин 80 даанасы 1 бөлмөлүү, 160 даанасы 2 бөлмөлүү, 70 даанасы 3 бөлмөлүү болот. Ошондой эле унаа токтотуучу жайына 100 автоунаа батышы мерчемделген.
Аталган турак жайды курууга «Альянс Алтын» компаниясынын “Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны жакшыртууга” деп бөлгөн каражаттарынын эсебинен акча бөлүнгөн .
Компания тиешелүү фонддорго бүгүнкү күндө 1 млрд сомдон ашык сумма которуп койду.