Ыйык Рамазан айында “Альянс Алтын” компаниясы Талас облусунда 400дөн ашык адамга ооз ачуу уюштурду. Иш-чаранын негизги максаты – жергиликтүү элге сый-урмат көрсөтүп, жакшылыкты бөлүшүү болду.
Компаниянын атынан жайылган берекелүү дасторкондо айыл аксакалдары, ардагерлер, көп балалуу энелер, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, жетекчилер жана кызматкерлер катышты. Жараткандын ыраазычылыгы үчүн өткөрүлгөн бул иш-чара жыл сайын салтка айланып, жергиликтүү калктын ыраазычылыгына ээ болууда.
Белгилей кетсек, “Альянс Алтын” компаниясы Талас облусундагы “Жерүй” кенин иштетет жана аймактын социалдык турмушуна активдүү салым кошуп келет.