“Альянс” фракциясына жаңы эл өкүлдөр келди, катарыбыз күчтүү инсандар менен толукталды.
Фракция коомчулукка белгилүү себептер менен депутаттык мандатын тапшырган кесиптештерибизге дайыма тилектеш экенин билдирип, алардын мындан аркы жумуштарына ийгиликтерди каалады.
Фарходбек Алимжанов “Альянс” партиясы менен шайлоого аттанып, калың элдин колдоосуна ээ болгон мекенчил жигит. Ал депутат катары кыска убакытта өзүнүн иштермандыгын, принципиалдуулугун, жоопкерчиликтүү сапатын мыкты көргөзө алды, шайлоочулары менен тыгыз иштеди.
“Альянс” фракциясы Фарходбек Айбековичке ыраазычылык билдирип, ийгиликтерди каалады.