«Ананайын» ыры менен таанылган Бахадыр Карабаев каза болду

Бүгүн, 25-ноябрда «Ананайын» ыры менен таанылган “Жаш Кыял” тобунун жетекчиси Бахадыр Карабаев 47 жашында каза болду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине тамада Эрнис Бөрүбаев билдирген.

“Жаш Кыял” тобу элге бир эле «Ананайын» ыры менен эмес, «Алтыным», «Гүлмира», «Махабат», «Салфия», «Унутчу мени» ырлары менен таанылган.

BIA.KG маалымат агенттиги Бахадыр Карабаевдин үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

25 Ноябрь 2023 жыл 13:38
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча