Кыргызгидромет агенттиги апрель айына карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Билдирмеге караганда, абанын айлык орточо температурасы Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында климаттык нормадан 1…1,5 градуска жогору болушу күтүлүүдө. Чүй, Талас, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарында норманын чегинде, айрым жерлеринде нормадан арбын болору айтылды. Жаан-чачындын айлык көлөмү көпчүлүк райондордо нормага жакын болмокчу.

Абанын температурасы түнкүсүн 2…7 градустан 11…16 градуска чейин жылыса, кээ бир түндөрү жана эртең менен өрөөндөрдө -1…-3 градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрүшү мүмкүн. Күндүз 11…16 градустан 20…25 градуска чейин жылуу болсо, кээ бир күндөрү 32 градуска чейин ысышы ыктымал. Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн 7…12, күндүз 14…19 градус жылуу болмокчу.
Абанын температурасы түнкүсүн 1…6дан 9…14 градуска чейин жылыйт. Кээ бир күндөрү күн сууктап, үшүк жүрүшү мүмкүн. Күндүз 18…23 градус ысык болору божомолдонду.
Абанын температурасы түнкүсүн 2…7ден 11…16 градуска чейин жылыса, күндүз 21…32 градуска чейин ысышы ыктымал. Тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы 8…13 градусту көрсөткөнү менен айрым түндөрү үшүк жүрүшү мүмкүн. Тоолуу жерлерде абанын температурасы күндүз 15…20 градус жылуу болмокчу.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2…7 градустан 11…16 градуска чейин жылыса, күндүз 21…26 градус, кээ бир күндөрү 32 градуска чейин ысышы ыктымал. Тоо этектериндеги райондордо 15…20 градуска чейин жылый турганы айтылды, бирок айрым күндөрү үшүк жүрүү коркунучу бар. Токтогул районунда абанын температурасы түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26 градусту көрсөтөт.
Абанын орточо температурасы түнкүсүн 2…7 градустан 11…16ны көрсөтсө, күндүз 20…25 градуска чейин жогорулайт. Кээ бир күндөрү 31 градуска чейин ысыйт. Тоо этектериндеги аймактарда түнкүсүн 8…13 градус, күндүз 22…27ге чейин ысык болушу мүмкүн.
Абанын температурасы түнкүсүн -4…1 градустан 4…9 градуска чейин, күндүз 3…8 градустан 12…17 градуска чейин өзгөрүп турушу ыктымал. Айрым күндөрү абанын температурасы 19…24 градуска чейин жогоруламакчы.
Ай ичинде Нарында абанын температурасы түнкүсүн -1…-6 градустан 2…7 градуска чейин жылуу болсо, күндүз 17…22 градус жылуу болору айтылды.