Арча-Бешикте ымыркайын таштаган эне соттолду

Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Арча-Бешик конушундагы үйлөрдүн биринин тосмосунун түбүнө ымыркайын таштап кеткен аялга карата чечим кабыл алды. Бул тууралуу шаардык соттун маалымат кызматы кабарлады.

Баласын таштаган аял КР Кылмыш-жаза кодексинин «Эненин ымыркайынын өмүрүнө кол салышы» беренеси менен күнөөлүү деп табылды.

«С. Ж. аттуу аялга коюлган айыптар боюнча сот аны эки жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Бирок ага бир жылдык пробациялык көзөмөл колдонуу кабыл алынды», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, өткөн жылдын 19-ноябрында түнү Бишкектин Арча-Бешик конушунда дарбазанын түбүнөн полиэтилен пакетке оролуп, коробкага салынган наристе табылган. Милиция аны дароо төрөт үйүнө алып барып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Кийинчерээк баланы таятасы багып алам деп арыз бергени маалым болгон.

2 Март 2024 жыл 10:57
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча