Абакта каза болгон Арстан Алайдын абактагы акыркы мүнөттөрү делген видео тарады.
Видео социалдык тармактарда тарап жатат.
Арстанбек Абдылдаев 5-январда Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү мекемесинде каза болду. Жаза аткаруу кызматынын маалыматы боюнча, ал психотикалык дартына байланыштуу былтыр 28-декабрда Бишкектеги №1 тергөө абагынан №31 дарылоо мекемесине этап менен жеткирилген. 5-январда түзөтүү мекемесинин ашканасынан асылган абалда табылган.