«Ас-сафа» борбордук коомдук бирикмеси 12 үй-бүлөнү үйлүү кылды

Сокулук районуна караштуу Новопавловка айыл өкмөтүндө жаӊы социалдык үйлөр курулуп, 12 үй-бүлөгө пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы Жалын Жумабеков билдирди.

Анын айтымында, социалдык үйлөр Алтын-Ордо жаӊы конушунун Гоголь көчөсүндө жайгашкан.

Социалдык үйлөр «Ас-сафа» борбордук коомдук бирикмесинин демѳѳрчүлүгү менен курулуп, көп балалуу жесир калган аялдар, аз камсыз болгон 12 үй-бүлөгө берилди. Анда үй тиричилик техникалары, эмеректер менен камсыздалган.

Социалдык үйлөрдүн ачылышы 20-октябрда Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, демөөрчүлөр жана жашоочулардын катышуусунда өттү.

22 Октябрь 2023 жыл 12:36

Тема боюнча