Ашууларда абал кандай?

Бүгүн, 9-январга карата өлкөнүн ашууларында каттам бар, жол ачык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Министрлигине караштуу “Кыргызавтожол-Түштүк” жана «Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан инерттик материалдарды чачуу, тазалоо иштери үзгүлтүксүз уланууда.

Жолчулар атайын кезметке туруп, өзгөчө тайгак тилкелерге күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатышат.

9 Январь 2025 жыл 9:32
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча