Асланайым Аширова кызматтан алынды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик циркинин башкы директору Асланайым (Светлана) Аширова келишимдин мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу кызматтан алынганын билдирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 23-январда маалымат таратты.

Мындан бир нече күн мурда цирктин кызматкерлери Ашированын ишмердигине байланыштуу нааразылыгын билдирген. Бул боюнча Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги атайын комиссия түзүлгөнүн билдирген. Комиссия бардык арыз-сунуштарды карап чыгып, анын жыйынтыгы менен тийиштүү чара көрүлөрү кабарланган.

Асланайым Аширова былтыр 23-октябрда циркке жетекчи болуп дайындалган.

24 Январь 2025 жыл 9:18
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча