
Ысык-Көлдө “Экологиялык таза Асман шаары” пилоттук долбоорун куруу концепциясынын негизги багыттары тууралуу жарлыкка 14-октябрда президент Садыр Жапаров кол койду. Документ шаарды курууда экологиялык коопсуздукту камсыздоо, ошондой эле туризм инфраструктурасын өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү үчүн шарттарды түзүү максатында түзүлгөн.
Асман шаарында бензин, дизель майы же газ менен жүрүүчү унааларды колдонууга тыюу салынат. Бирок электр транспортун колдонууга уруксат берилет. Маалыматта айтылгандай электромобилдер, электр автобустары жана башкалар үчүн атайын заряддоо инфраструктурасы түзүлөт.