Астанада 10 жылдан ашык убакыттан бери эл аралык издөөдө жүргөн кылмышкерди кармаганын билдирди

Астана полициясы 10 жылдан ашык убакыттан бери эл аралык издөөдө жүргөн кылмышкерди кармаганын билдирди. «Бөгөт» ыкчам-профилактикалык иш-чарасынын жүрүшүндө кылмышкерди кармоого мүмкүн болгон.

«Өзбекстан Республикасынын 42 жаштагы жараны 10 жылдан бери адам сатуу фактысы боюнча издөөдө жүргөн. Издөөнүн демилгечиси — Ташкент облусунун ички иштер башкармалыгы. Ал убактылуу кармоочу жайга камалды», — деп билдирди полиция. Азыр аны экстрадициялоо маселеси чечилип жатат.

18 Апрель 2024 жыл 11:28
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча