УКМКнын 9-башкармалыгынын экс-кызматкери, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевди УКМК кызматкерлери алып кетишти. Бул тууралуу Кундуз Жолдубаева билдирди
Маалым болгондой, бүгүн саат 12:50 чамасында Сагымбаевдин үйүнө УКМКнын эки тергөөчүсү өзгөчө маанилүү иштер боюнча барышкан. Алар Канат Сагымбаевди кандай иш боюнча алып кетип жатканын түшүндүрүшкөн жок.
Эч кандай чакыруу кагазы берилбегени айтылууда.