Ататүрк сейил багынын аймагында жайгашкан объектилер качан буздурулат? Мэриянын жообу

Бишкек мэриясында Ататүрк сейил багынын аймагында жайгашкан объектилердин маселеси боюнча мекемелер аралык жыйын өткөнүн мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага мэр Айбек Жунушалиев, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев жана тиешелүү кызматтардын жетекчилери катышкан.

«Парктын аймагындагы объектилерди демонтаждоо жана бузуу иштери 20-майга пландаштырылган. Калаа башчы тиешелүү кызматтардын жетекчилерине сот органдарына доо арыз менен кайрылып, Ататүрк паркынын аймагын мэриянын менчигине кайтаруу иштерине даярдоо боюнча чараларды көрүүнү тапшырды», — деп жазылат кабарда.

Эске салсак, буга чейин мэрия Ататүрк паркынын курулушка берилип кеткен 43 гектар жери кайтарыларын маалымдап, кийин сейил бактагы мыйзамсыз курулган объектилер бузула турганын кошумчалаган.

14 Май 2024 жыл 9:26
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча