Ататүрк сейил багынын аймагындагы үйлөр сүрдүрүлөбү?

Бишкек шаарындагы Ататүрк атындагы сейил багындагы 43 гектар жер муниципалитетке кайтарылышы керек. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Парктын аянтты 107 гектар экенин белгилейт.

Мэриянын маалыматында, Ата-Түрктүн аймагына мыйзамсых курулган имараттар боюнча иш жүрүп жатат.

«Социалдык тармактарда Мустафа Кемал Ататүрк сейил багынын аймагындагы объектилер сүрдүрүлбөйт деген маалымат тарап жатат. Муниципалитет мыйзамдардын чегинде гана иш алып барат», — дейт шаар башкармалыгы.

Белгилей кетсек, парктын аймагындагы мыйзамсыз курулган үйлөрдүн кожоюндары мурдагы жетекчилер жана алардын туугандары экени айтылган.

15 Апрель 2024 жыл 19:57
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча