
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаровдун туулган күнүнө карата, мурдагы депутат Шайлообек Атазов өзүнүн социалдык баракчасына куттуктоо сөзүн жазды.
«Белгилүү саясатчы, мамлекеттик ишмер, ЖК 7-чакырылыштагы кесиптешибиз Мадумаров Адахан Кимсанбаевич 60 жашка толуптур.
Адахан Кимсанбаевич, кутман курагыңыз кут болсун!
Өмүр бою элим, мамлекетим , чындык деп чыркырап бийликке жакпай келесиз! Бирок өкүнбөңүз тарых жана келечек муун баа берет!
Арыбаңыз, бекем ден соолук, кайраттуулук каалайбыз!
Борбордук бийликке ак сүйлөп, кемчиликтерди айткан саясатчы коркунучтуу болбош керек! Эң коркунучтуу нерсе айланасындагы ашыкча жанын жеген кошоматчылар жана саткындар болууга тийиш! Алар көлөкө сыяктуу болот!
Саясатчы чындыкты айтып бийликтин ката иштерин сындап турганда эки жүздүүлөр баары качып калат.
Ал киши тууралуу куттуктап пост жазыш эмес, коментарий же класс баскандан коркушат. Себеби, саясатта ушундай түшүнүк пайда кылышты бийликти сындаган саясатчыны куттуктасаң демек сен бийлике каршысын же душмансың? Негизи бул түшүнүк туура эмес!
Бул кошоматчылардын, эки жүздүүлөрдүн саткындардын саясий формуласы!
Ал эми адамдык сапат, жигиттик мамиле, адамгерчилик мусулмандын мунөзү мындай эмес!
Биз кийинки муундар саясаттагы куу чөөлөрдүн формуласын сындырып саясатта да адамдык бийик сапаттарды сактап калуубуз керек!»,-дейт Атазов.