Август айында тоюу болмок. 19 жаштагы кызды сел агызып кетти

Ошто 14-июлда селде кыздары менен агып кеткен 44 жаштагы келин бир топ жылдан бери үй-бүлөсү менен Орусияда миграцияда жүрүп, чоң кызын турмушка узатуу үчүн жакында Кыргызстанга келген. Бул тууралуу маркумду тааныгандары «Азаттыкка» билдиришкен.

Келиндин улуу кызы 19 жашта болгон жана анын үлпөт тою август айына белгиленгенин «Клооп» жазды.

Келиндин төрт баласы бар. Каргаша болгон күнү атасы жана уулу үйдө калып, апасы үч кызын алып туугандары менен эс алууга кеткен. Сел алар отурган «Мөл-Булак» эс алуучу жайын каптап, 44 жаштагы аялды жана анын 7, 10 жана 19 жаштагы кыздарын агызып кеткен.

Анын сөөгү 15-июлда Ак-Буура дарыясынан — Өзбекстанга жакын жерден табылды.

Бир күн мурун 7 жашар кызынын сөөгү Өзбекстандын Анжиян облусунан, Шахрихансай деген каналдан чыккан.

16 Июль 2024 жыл 8:52
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча