Автобус сууга түшүп кетип, адамдар каза болду (видео)

Бүгүн, 10-майда Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы автобус кырсыкка кабылып, 3 адам каза болуп, 2 киши оор абалда болсо, дагы 4 жүргүнчү клиникалык өлүм абалында экендиги маалымдалууда.

Автобустун айдоочусу  жолдо көпүрөгө бурулуп жатып, ал транспортту башкара албай калып, эки машинаны сүзгөн соң, тосмону бузуп, сууга түшүп кеткен. Куткаруучулар келгенге чейин автобустан өз алдынча 6 жүргүнчү суудан чыгышкан. Дагы 9 адам куткаруучулардын жардамы менен чыгарылса, автобустун айдоочусу кармалып, кылмыш иши козголду.

11 Май 2024 жыл 7:53
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча