Автобустардын үстүнө коюлган камералар жол эрежесин каттай баштайт

Эми Бишкектеги автобустар жол эрежеси бузулганын каттай баштайт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, ордо калаада жаңы автобустарга камералар орнотулган. Пилоттук долбоордун алкагында муниципалитеттин кызматкерлери жол эрежесин бузуу фактысы бар-жогун аныктоо үчүн видеолорду көрүп чыгат. Эгер эреже бузулса, патрулдук милицияга жөнөтүлөт.

«Түштүк магистралдагы коомдук транспорт үчүн чийилген сары тилкеге түшүп алган айдоочуларга өзгөчө көңүл бурулат», — деп жазылат билдирмеде.

Айдоочу менен жүргүнчүнүн ортосундагы мамилеге көз салуу үчүн салонго дагы камералар коюлганы маалым болду.

2 Октябрь 2023 жыл 16:39

Тема боюнча