Аялдардын жөө жүрүшүндө кулак-мурду кесилген келин сөз сүйлөдү

Бишкекте 8-март күнү аялдардын укугун коргоо үчүн жөө жүрүш өттү. Жөө жүрүшкө 500дөй адам катышты.

Катышуучуларга мурдагы күйөөсү кулагын, мурдун кесип салган Асел Ногойбаева сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө бул жарааттар кокустуктан эмес, балдарынын атасынын колунан калганын, аял эркек тарабынан зордук-зомбулукка кабылып жатканын белгиледи.

Ногойбаева укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө кайрылып, аларды үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйүнө кайдыгер карабоого чакырды. 

8 Март 2024 жыл 18:18
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча