
Эки кишинин башы бириксе сөзсүз ушак айтылат деген сөз бар. Бири болбосо бири айтат, экинчиси угат. Бирок ушак качан жана кайсыл жерде көп айтылат? Англиялык окумуштуулар 2 миң кишиге ушак боюнча изилдөө жүргүзүп, ушак тууралуу азыноолак «маалымат топтогонун» reporter.kg басылмасы жызды.
Изилдөөгө ылайык:
Кызыгы ушактын зыяны эле эмес пайдалуу жактары да бар. Адистердин айтымында ушак айтуу адамдын ден-соолугу үчүн пайдалуу. Ушак аркылуу адамдар бири-бирине ойлору, сезимдери менен бөлүшөт. Мындай жол менен алар өздөрүн ойлонткон көйгөйлөрдөн алаксып, башка адамдар менен байланыш түзөт. Ошентип адамдар стресстен аз да болсо арыла алат.
Ал эми ушакка жакын болбогон адамдар көп учурда баарлашууда кыйналышат экен.
Маалымат «Yeni Hitit 1. Yabancılar için Türkçe » («Чет элдиктер үчүн түркчө») китебинен алынды