Аялды «үйүңө жеткирем» деп, унаага салып зордуктоого аракет жасашкан (видео)

Жөө жүргүнчүнү сүзүүгө жана зордуктоого аракет кылган айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

23-февралда болжол менен саат 01:30 чамасында 1989-жылы туулган айымды белгисиз жарандар «үйүңө жеткирем» деп, унаага салып келишкен. Бирок унаадан түшкөн учурда айымды айдоочу зордуктоого аракет кылган. Ошондой эле унаадан түшкөндөн кийин аны эки жолу сүзүп, андан ары кетип калышкан.

Бул окуядан кийин, айым денесинен жабыркап, ооруканага кайрылып, андан ары айдоочуга карата арыз жазган. Арыздын негизинде Жалал-Абад облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн Издөө бөлүмү ыкчам издөө иш-аракеттерин жүргүзүп, шектүү катары Субару үлгүсүндөгү унаанын ээсин кармашкан.

Азыркы учурда унаасы айып короо жайына токтотулуп, айдоочусу Тергөө кызматына жеткирилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

26 Февраль 2024 жыл 9:46
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча