Аялды мурдагы күйөөсү чачынан сүйрөп, сабаган

Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулукка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга аял кайрылып, мурдагы күйөөсүнө чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, 11-ноябрда 21:00 чамасында экөөнүн ортосунда чыр чыгып, мурдагы күйөөсү аялды чачынан сүйрөп, коркуткан.

Кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган.

12 Ноябрь 2024 жыл 9:12
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча