Аялын бычактады делген жаран кармалды

Сокулук районунда денеге оор залал келтирген деген шек менен жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милицияга арыз менен 1970-жылы туулган А.К. кайрылып, ал 1969-жылы туулган Б.К.га карата чара көрүүнү суранган. Билдирүүдө айтылгандай, 25-февраль күнү Б.К мас абалында аялы — 1969-жылы туулган С.Д.га бычак сайган.

Жабырлануучу аймактык ооруканага жеткирилген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Ден соолукка оор залал келтирүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

26 Февраль 2024 жыл 23:42
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча