Аялын коркутуп, өлмөкчү болгон жаран поезд жолуна жатып алган

Кечээ, 23-октябрда социалдык тармактарда жигиттин поезддин жолуна жатып алганы, машинист токтотууга үлгүргөнү айтылган видео тараган. Видеодо айтылгандай окуядан унаа тыгыны жаралган. Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА жазды.

Маалыматка караганда, 23-октябрда Жайыл РИИБге саат 09:30 чамасында «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдирүү түшкөн. Анда Кара-Балтадагы Кожомбердиев көчөсүндө жүк ташыган поезд токтотууга мажбур болгону айтылган. Маалыматка караганда, жигит темир жолго чыгып, берилген белгиге реакция кылган эмес. Териштирүүнүн журүшүндө 2001-жылы туулган жаран жубайы менен уруша кеткени аныкталган. Ал жубайын коркутуп, өз жанын кыймакчы болгон. Темир жолго чыгып, туруп алган. Поезд токтогон. Тергөөнүн жыйынтыгы менен чечим чыгарылат. 

24 Октябрь 2023 жыл 10:12

Тема боюнча