Аялын өлтүрүүгө шектелген күйөөсү кармалды

Жалал-Абад шаарында 33 жаштагы адам аялын өлтүрүүгө шек саналып кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-январда Жалал-Абад шаардык милициясына облустук ооруканадан билдирүү келип, Таш-Булак айылынын 28 жаштагы тургуну үйүндө каза болуп калганын кабарлаган. Бул факты каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Тергөөгө чейинки териштирүү иштеринин жүрүшүндө маркумдун жолдошу жубайы менен уруш-талаш болбогонун, аялын ооруканага өзү алып барганын айткан.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында 6-февралда Жалал-Абад шаардык милициясынын тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, маркумдун жолдошун кармады.

Кыргызстанда 2024-жылы ички иштер органдарынын маалыматты каттоо электрондук журналына 17 316 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 32,1% же 4 212 окуяга көп.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына ылайык, зомбулукка кабылган адамдарга 14 362 убактылуу коргоо ордери берилген – анын 13 663ү аялдарга, 699у эркектерге.

Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары катталууда.

7 Февраль 2025 жыл 11:47
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча