Аялын өлтүргөн мурдагы министр 24 жылга камалды

Бүгүн, 13-майда Астана соту аялын өлтүрүүгө айыпталган экс-министр Куандык Бишимбаевдин иши боюнча өкүм чыгарып, аны күнөөлүү деп табуу менен 24 жылга кести. Анын тууганы Бакытжан Байжанов 4 жылга эркинен ажыратылды.

Бишимбаев «Өтө мыкаачылык менен адам өлтүрүү» жана «Кыйноо» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды.

Салтанат Нукенованын жакындары Куандык Бишимбаевдин өмүр бою эркинен ажыратылышы керектигин айтып жатышкан эле.

13 Май 2024 жыл 18:57
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча